Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Ала-Тоо” аквапаркы: Тергөө менен кызматташууга даярбыз

Бала сууга чөгүп кеткен аквапарктын администрациясы жоопкерчиликтен качпай турганын билдирди

«Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы жана жамааты аквапарктын бассейниндеги 6-июнда кырсыктын кесепетинен каза болгон борбордогу №95 мектептин 3-классынын окуучусунун жакындарына  чын жүрөктөн көңүл айтат.

«Жакындарын жоготуу абдан оор... Ал эми баладан айрылуу, чындыгында, өзүңдүн бир бөлүгүндү жоготуу...
Ишенип коюңуз, биз да сиздердей болуп, бул кайгылуу кабарга таң калып, жоготуунун бардык азабын түшүнүп, кичинекей Атайдын ата-энесине, жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Алла Тааладан анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабырдуулук жана бейпилдик берүүсүн тилейбиз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иштери козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, видеобайкоо камераларынан алынган маалыматтардын баарын тергөөчүлөргө өткөрүп бердик. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык билим берүү башкармалыгы менен КР Ички иштер министрлиги тарабынан комиссиялар түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Албетте, териштирүүнүн жыйынтыгын күтпөстөн, биз баласынан ажыраган үй-бүлөгө колдон келген жардамыбызды берип, келечекте баланын жакындары үчүн колдон келгендин баарын кылууга аракет кылабыз.

Азыр социалдык тармактарда, жалпы эле коомдо кырсыктын айланасында текшерилбеген, кээде ишенимсиз маалыматтар көп тарап жатат.

Биз болгон окуя үчүн жоопкерчиликтен качпай  турганыбызды жана тергөө менен кызматташууга даяр экенибизди баса белгилегибиз келет ", - деп айтылат аквапарктын администрациясы билдирүүсүндө.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх