Бүгүн Next TV телеканалдын иши боюнча соттук отурум өтөт
Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин адвокаттары УКМКнын Мамлекеттик тергөө комитетинин үстүнөн арыз жазышты
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next телеканалынын иши боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу телеканалдын ээси саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, процесстин жүрүшүндө УКМКнын СИЗОсунда жаткан Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин жактоочуларынын арызы каралат.
«Кимге кызык болсо келсин. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, соттордун жана бийлик өкүлдөрүнүн кезектеги спектаклин көрөсүңөр», — деп жазды Жээнбеков фейсбук баракчасына.
Эске салсак, ушул жылдын 3-мартында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next телеканалына «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Буга Казакстандын УКМКсынын мурдагы башчысы Алнур Мусаевдин Instagram баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр имиш деген жарыясы себеп болгон.
Телеканалдын журналисттерин суракка чакыруу уланып, Next телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев үстүбүздөгү жылдын 3-июлуна чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www