Биринчи Май райондук соту: Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо чечими Жээнбековдун тушунда чыгарылган
Сот экс-президенттин жактоочусунун айткандары чындыкка дал келбей турганын белгиледи
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо чечими Садыр Жапаров эмес, Сооронбай Жээнбековдун тушунда кабыл алынган. Биринчи май райондук соту мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Замир Жоошевдин билдирүүсүнө ушундай комментарий берди.
Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2020-жылдын 14-августундагы чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү күчүндө калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 426-беренесинин негизинде биринчи инстанциядагы соттун өкүмү, эгерде даттанылбаса, даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет жана аткарылууга жатат. Апелляциялык даттануу же сунуштама берилген учурда өкүм апелляциялык инстанция тарабынан өкүм чыгарылган күнү мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана бүткүл өлкө боюнча аткаруу. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнө даттануу ишти биринчи инстанцияда караган сотко жүктөлөт.
«Бирок бул иш боюнча аталган сот актылары кайра каралып чыккандыктан, аларды аткарууга даттануу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2022-жылдын 15-мартындагы токтому кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылган, ага ылайык Атамбаевге карата мурдагы өкүмдөр өзгөрүүсүз калтырылган. Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо 2020-жылдын 14-августунда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде ишке ашырылды», — деп айтылат соттун маалыматында.
Ошол эле учурда сот Замир Жоошевдин Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо чечими Садыр Жапаров өлкө президенти болуп турганда кабыл алынган деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Тиешелүү чечим Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп турганда кабыл алынган.
Сүрөт www