Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Тазабек Икрамов коопсуздук курун тагынбай унаа айдаганы үчүн айыпка жыгылды

Маалым болгондой, ЖКнын кызматкерлерине протокол түзүүгө парламентарий өзү макулдук берген

Ал эми депутат Тазабек Икрамов коопсуздук курун тагынбай унаа айдаганы үчүн 1000 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБден билдиришти.


«Албетте, парламенттин депутатын жоопкерчиликке тартпоого мыйзам жол берет. Бирок ал мыйзамды сыйлаган, коомчулуктун пикирин уккан депутат катары күнөөсүн мойнуна алып, протокол түзүүгө макул болду», - деп билдирди Патрулдук милиция.


Тактап айтканда, өткөн күнү Тазабек Икрамов коопсуздук курун чечпей унаа айдап баратканда Super.kg порталына интервью берген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх