Аксыда жаран өзүм билемдик менен капчыгайга 800 метр жол салып алган
Кыргызстандык айып пул төлөйт
Аксы районунун Үч-Коргон айылында мыйзамсыз жол куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Жаналы Нурманбетов билдирди.
Окуя болгон жерге Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери барышып, жаран К.Б.га акт түзүшкөн.
Жаран жайыт жерлерин өзүм билемдик менен бошотуп, каньонго чыгуу үчүн узундугу 804 метр, туурасы 7 метр болгон жолду мыйзамсыз куруп, натыйжада 5 миң 628 чарчы метр жер кайра өздөштүрүлүп, 20 долоно, 3 тыт, 1 гилас дарагы зыянга учураганы аныкталган.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргендиги үчүн 65 469,84 сом айып салынган. Белгиленгендей, тартип бузган тарап айыпты толугу менен төлөгөн.
Сүрөт www