Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда гүл майрамы өттү
Иш-чарага облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев катышып, гүл өстүрүү тармагындагы иштердин абалы менен таанышты
Жакында Ала-Бука районундагы Жеңиш сейил багында гүл майрамы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Фестивалда облустун 17 гүл өстүрүүчүлөрү 2 миңден ашык гүлдүн түрлөрүн көргөзмөгө коюшту. Бул иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Ал Ала-Бука районундагы гүл өстүрүү тармагындагы иштердин абалы менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди
Фото президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы