Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп Жылдыз Бакашова дайындалды

Премьер-министрдин экс-орун басары командага 9-июнда тааныштырылды

Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп министрлер кабинетинин төрагасынын экс-орун басары Жылдыз Бакашова дайындалды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына музейдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Бакашованы 9-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Эске салсак, Жылдыз Бакашова 2021-жылдын май айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын ээлеп, бирок өткөн жылдын октябрь айында бул кызматтан кеткен. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасын жетектеп келген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх