Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнү. Кыргызстандыктар кан тапшырууга чакырылат
Бишкек шаарынын мэриясы соода борборлорунун биринде масштабдуу акция уюштурду
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнү. Кыргызстанда Республикалык кан борбору Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Asia Mall соода борборунун 2-кабатында донордук канды чогултуу боюнча масштабдуу акция өткөрүүдө.
Бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнүнүн быйылкы урааны: “Кан тапшыруу – тилектештик актысы. Кайрымдуулук кылып, өмүрдү сактап калыңыз».
Кайрымдуулукка каттоонун башталышы – саат 09.00.
Жыл сайын 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленет. Бул дата төмөнкү максаттарда белгиленген:
· Коопсуз кандын жана кандын компоненттеринин куюу үчүн зарылчылыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;
· шаардын саламаттык сактоо уюмдарын кандын компоненттери менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн акысыз кан тапшырган ыктыярчылардын эң маанилүү салымын белгилөө;
· ыктыярдуу донордук программаларды күчөтүү жана кеңейтүү боюнча улуттук кан кызматтарынын аракеттерин колдоо.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www