Кыргыз-тажик чек арасында дагы жаңжал чыкты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматы кырдаалды курч деп атады
Бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында чек арачылардын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди
Анын айтымында, саат 06.50-07.00дөр чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде Тажикстан Республикасынын УКМКнын Кех чек ара заставасы тараптан ок атылган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Булак-Башы чек ара заставасын көздөй. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик постун көздөй жооп иретинде ок чыгарган.
Эки тараптын чек арачылары дароо күжүрмөн позицияларды ээлешти. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы жана Тажикстан Республикасынын Согди облусу боюнча чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү. Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишти.
Бирок саат 07.50дө тажик тарап кайрадан гранатомет жана минометторду колдонуу менен атыша баштаган. Саат 08.10до ок атышуу токтоду. Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.
14-июнь саат 08:40ка карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.
УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.
Сүрөт www