Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясынан баш тартты (видео)

Экстремисттик аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда

Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Ошентип, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун тургуну С.О.Т. жана Аксы районунун тургуну Х.М.М., өздөрү тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүшүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырган.


Бул адамдар 1999 жана 2018-жылдардан бери «Хизб ут-Тахрир» РКУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик подпольенин активдүү кызматкерлери менен байланышта болушкан.

Учурда УКМК тарабынан «Хизб-ут-Тахрир» РКУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралар улантылууда.


УКМКнын басма сөз борбору
Пресс-борбордун видеосу
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх