Кыргызстанда импорт өсүүдө, экспорт азайып жатат
2022-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд долларды түздү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43%га көп
Экономика жана соода министрлиги расмий сайтында үстүбүздөгү жылдын январь-май айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын жарыялады.
Анын айтымында, 2022-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд долларды түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 43,3%га өскөн.
Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргыз Республикасына импорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 1,6 эсеге өсүп, 2,5 млрд долларды түздү, ал эми экспорттук жеткирүүлөр 14,3%га кыскарып, 506,8 млн долларды түздү.
Сүрөт www