Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Будапештте КРнын маданиятынын отличниги Тамила Маматованын жеке көргөзмөсүнүн ачылышы болду

Кыргыз скульпторунун эмгектери коомчулукта зор кызыгууну туудурду

Будапештте Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скульптор Тамила Маматованын жеке көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду.

Көргөзмө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган.

Салтанаттуу аземге скульптуралардын автору, Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышты.

Кыргыз скульпторунун эмгектери коомчулукта зор кызыгууну туудурду. Көрсөтүлгөн экспозицияда кыргыз элинин маданияты жана салттары чагылдырылган. Көргөзмө 17-июнга чейин уланат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх