Алымкадыр Бейшеналиев абактан бошотулду
Сот саламаттыкты сактоо министринин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырды
Сот убактылуу бошотулган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын СИЗОдон үй камагына өзгөрттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.
Бүгүн Бишкек шаардык соту биздин арызды карап, жарым-жартылай канааттандырды, - деп түшүндүрдү адвокат. - Бейшеналиев сот залынан эле үй камагына чыкты.
Эске салсак, 2022-жылдын 2-июнунда Башкы прокуратуранын кызматкерлери УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн катышуусунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармашкан. Чиновникке карата жети кылмыш иши козголуп, анын бири коррупция фактысы боюнча козголгон.
Төрт факты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү фактыларына байланыштуу.
Башкы көзөмөл органы министр бюджеттик каражатты пайдаланып, чет элдик компаниялардан вакциналарды сатып алып, оффшордук эсепке которгонун билдирди. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 581 миллион сомду түзөт.
Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата беш кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Алымкадыр Бейшеналиев бир айга УКМКнын СИЗОсуна камалды.
Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров баш прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан убактылуу четтетүү чечимин кабыл алды.
Сүрөт www