Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жеенбеков: УКМКнын тергөөчүлөрү уулумду Кыргызстандан чыгууга тыюу салышкан

Бир күн мурун атайын кызмат Азат Равшанга КРдан чыгууга тыюу салбаганын билдирген

Кечээ, 15-июнда парламент жыйынында депутат Сейид Атамбаев УКМК саясатчы Равшан Жеенбековдун уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салганына нааразы болду.

Өз кезегинде бир күн мурун УКМКнын басма сөз борбору бул маалыматты четке кагып, Азат Равшандын кыймылына чектөө жок экенин кошумчалады.

Ал арада Равшан Жеенбеков өзү Vesti.kg сайтына курган маегинде уулун суракка алгандан кийин УКМКнын тергөөчүлөрү андан Кыргызстандан чыкпоону суранышканын билдирди.

«УКМКнын тергөөчүлөрү менин балам алардын уруксатысыз Кыргызстандан чыгып кетпеши керектигин эскерткен», - дейт Жээнбеков. - «Next TV» телеканалынын иши боюнча менин баламды да суракка алып, ошол жерден эле жогорудагыларды эскертишти. Бул маалыматты жакын арада текшеребиз деп ойлойм, анткени уулум АКШга барышы керек, анын командировкалары көп.

Мындан тышкары, экс-президенттикке талапкер УКМКдан “баарын күтсө болот” деп кошумчалады.

«УКМК кызматкерлеринин көп аракеттери бейрасмий деңгээлде жасалып жатат: аңдуу, телефон тыңшоо, кылмыш иштерин бурмалоо», - деп эсептейт ал. -Алардан баарын күтсө болот. Алар кызыл желек илип, анан түшүрүп коюшса болмок. Же такыр эле койбой, тескерисин айтып.

Эске салсак, 2022-жылдын апрель айында Равшан Жээнбековдун уулу Азат УКМКга суракка чакырылган. Андан кийин, Жээнбековдун айтымында, УКМКнын тергөөчүлөрү анын уулуна Кыргызстандан чыгууга тыюу салган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх