Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Келесоолук!" ЖАМКнын мурдагы жетекчиси экономикалык кылмыштар үчүн соттолгондорго өзүнчө шарттарды түзүүгө каршы

Генерал Шейшенбек Байзаков депутаттын идеясын сынга алды

Бир күн мурун парламенттин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу экономикалык кылмыш жасаган жарандар үчүн абактарда өзүнчө камераларды түзүүнү, ошондой эле соттолгондорду компьютер жана интернет менен камсыздоону сунуштаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы, отставкадагы генерал Шейшенбек Байзаков Vesti.kg сайты менен болгон маегинде мындай чечимдерди акылсыздык деп атады.

«Негизи эле абакта интернетке уруксат берсе болот, бирок анда соттолгондор камерада отурганда башка жарандарга таасир эте алышат», - деп белгиледи Баяков. - Жаңы кылмыштар жасалбасын ким көзөмөлдөйт? Экономикалык кылмыштар үчүн соттолгондор үчүн өзүнчө камераларга келсек, бул келесоолук. Кылмыш кылган болсо, жалпы негизде отурушсун. Өзүнчө отурушу керек болсо, анда себебин актап берсин. СССР убагынан бери абактарда милиция кызматкерлери, прокуратура кызматкерлери, өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер гана өзүнчө отурушат. Экономикалык кылмыш кылгандарга өзүнчө шарт түзүп берүү – бул өтө келесоолук!

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх