Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев электрондук эмгек китепчелерин киргизүүнү сунуштады

Учурда санариптик өнүктүрүү министрлиги тиешелүү пилоттук долбоорду даярдап жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев пленардык жыйында электрондук эмгек китепчелерин түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, кыргызстандыктар бул документти жоготуп, аны калыбына келтирүүдө кыйынчылыктарга көп кабылышат.

Ал арада Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев учурда санариптик өнүктүрүү министрлиги электрондук китептерди түзүү боюнча пилоттук долбоорду иштеп чыгууда деп ишендирди.

«Азыр бардык кадрдык маселелер активдүү түрдө электрондук форматка өтүп жатат. Сиздин сунушуңуз жакында ишке ашат деп ойлойм – Санариптик өнүктүрүү министрлиги пилоттук долбоорду даярдап жатат», - деди Базарбаев.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх