Алмазбек Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды
Сот мектеп куруу жана паспорт берүү иштери боюнча кылмыштын курамын тапкан жок
Бишкектин Биринчи Май райондук соту эки кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди актады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
- Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деген айып менен менин кардарымды сот актады, эки учурда тең кылмыштын курамы табылган жок, - деп түшүндүрдү адвокат. -Бүгүнкү күндө Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда. Бирок Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Эске сала кетсек, 2021-жылдын декабрында Алмазбек Атамбаевге эки кылмыш иши боюнча – Калыс-Ордо конушундагы мектеп куруу жана он түрк жаранына паспорт берүү боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылган.
Учурда Алмазбек Атамбаев Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунда ден соолугуна байланыштуу жатат. .
Сүрөт www