Эмомали Рахмон Кыргызстандын элчиси өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн ырааттуу аракеттерди жасайт деп ишенет
Эрлан Абдылдаев Тажикстандын президентине ишеним грамотасын тапшырды
Бир күн мурун, 15-июнда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго ишеним грамотасын тапшырды. Салтанат 10 чет мамлекеттин элчилеринин катышуусунда Улуттар сарайында өттү.
Салтанаттын жүрүшүндө Рахмон жаңы дайындалган элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын жемиштүү аракеттери өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүккө жаңы дем берерине ишенимин билдирди.
Тажикстан Республикасынын Президенти Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзүнчө токтолду. Тажикстандын башчысы өзүнүн жооптуу миссиясын аткарууда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчиси Абдылдаев Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ырааттуу күч-аракетин жумшаарына ишеним билдирди.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www