ЖК министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары кызматына Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин жактырды
Анын дайындалышына 73 депутат добуш берди
Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин жактырды.
Касымалиевди дайындоого 73 депутат "макул", 0 депутат "каршы" добуш берди.
Буга чейин Касымалиев Vesti.kg сайтына өзүнүн дайындалышы боюнча комментарий берип, президент Садыр Жапаровдун ишенимин актоого аракет кылаарын белгилеген.
- Мага ишенип жатканы жакшы, мен бул ишенимди актоого аракет кылам, - деп баса белгиледи ал. – Бизде 2026-жылга чейин өнүгүү стратегиясы бар, биз документтин негизинде иштейбиз. Экономикалык-финансылык бөлүгүн мен жетектегендиктен, инвестицияны, бюджетти көбөйтүүнүн үстүндө иштейбиз.
Адылбек Касымалиев Салык кызматынын төрагасынын орун басары, экономика министринин орун басары, каржы министри болуп, мамлекеттик кызматта дагы бир катар кызматтарды аркалаган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www