Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМКнын экс-жетекчиси Шейшенбек Байзаков Ч.Айтматов атындагы академиянын ардактуу академиги болуп шайланды (сүрөт)

Генералга бул наам улуу жазуучунун чыгармачылыгын пропагандалоого жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды

Чыңгыз Айтматов атындагы  сыйлыктар маданият, билим берүү, илим, адабият жана искусство тармагындагы, улуттар менен улуттардын маданиятын жакындаштырып, өз ара байытууда, тынчтыкты жана достукту чыңдоодо, өнүктүрүүдө жетишкен зор ийгиликтери үчүн тапшырылууда.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын кеңири жайылтууга, улуттук маданиятыбызды өнүктүрүүгө жана жаштарды адеп-ахлакка, патриоттуулукка тарбиялоого кошкон зор салымы жана жигердүү коомдук иштери үчүн көптөгөн эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси, коомдук ишмер, генерал-майор Байзаков Шейшенбек  Айтматов Академиясынын Ардактуу Академиги болуп шайланды.

Атайын наамды жана төш белгини Чыңгыз Айтматов Академиясынын президенти Абдылдажан Акматалиев тапшырды. Сыйлык ээсин биз дагы куттуктайбыз!

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх