Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК «Сорос-Кыргызстан» фондунун экс-жетекчисин суракка чакырды

Коопсуздук кызматы Чынара Жакыпова кайсы кылмыш иши боюнча чакырылганын тактаган жок

“Сорос-Кыргызстан” фондунун мурдагы директору, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

Жакыпованын айтымында, УКМКнын эки кызматкери саат 15:00дө суракка келүүнү суранышкан. Бирок алар анын кандай учурда чакырылганын такташкан жок.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында “Сорос – Кыргызстан” фондунун учурдагы директору Шамил Ибрагимов УКМКга чакырылып, алардын уюмунун кеңсеси боюнча суроолор берилген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх