Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту мурдагы аткаминердин жактоочусунун арызын канааттандырды

Бишкек шаардык соту саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектургановдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бектургановдун баш коргоо чарасынын өтүнүчүн канааттандырууну судья чечкени көрсөтүлгөн.

Эске салсак, ушул жылдын 2-июнунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуудагы коррупцияга шектелип кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Бектурганов Бейшеналиевди андан 1 миллион сом талап кылган деп айыптаган.

«Бектурганов арыз жазып, Бейшеналиев өзүнүн орун басарын 2021-жылдын май айынан бери иш бөлмөсүнө чакырып, кызматтан кетирем деп коркуткан», — деп айтылат маалыматта. «Ал кызматтан кеткени үчүн 1 миллион сом талап кылган».

2021-жылдын 8-июлунда Бектурганов Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын биринин өкүлүнө акча которгон. Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси "Пара талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх