Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Кыргызстан акырындап көмүр ташуучулардан кайра жаралуучу энергия булактарына өтүү ниетинде

Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартуу максатын койду

Мөңгүлөрдүн эриши жана суу-энергетикалык ресурстардын азайышы шартында Кыргызстан бир эле убакта ресурстарды үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү менен көмүртек ташуучулардан энергиянын кайра жаралуучу булактарына, биринчи кезекте гидроэнергетикага акырындык менен өтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыда өткөн «COVID-дан тышкары – Борбордук Азиядагы адилет калыбына келтирүүгө карай» Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммитте сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирустук пандемиядан кийин “жашыл” калыбына келтирүү, өлкөнүн аз көмүртектүү трансформациясы жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн республика 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартуу жана 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү максатын койгон.

Анын айтымында, өлкөнүн аймагында чакан жана орто ГЭСтердин курулушу бүтүндөй Борбор Азия аймагынын суу-энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө болмок.

Министрлер кабинетинин башчысы инвесторлорду, эл аралык каржы институттарын, климаттык фонддорду жана корпорацияларды гидроэнергетика комплексинде жана кайра жаралуучу энергиянын башка тармактарында, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх