Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда оор кылмыш жасап, из жашырып жүргөн чет элдик жаран кармалды (фото)

Кармалган жаранды жоопкерчиликке тартуу үчүн мекенине экстрадициялоо маселеси чечилүүдө

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн чет элдик жарандын жүргөн жерин аныкташкан. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


«Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Өзбекстандын Ички иштер министрлигинен 2020-жылдан бери бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мекенинде издөөдө жүргөн жаран биздин өлкөдө жашырынып жүрүшү мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. деп белгилешти Ички иштер министрлиги. - Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жери аныкталган. Учурда кармалган жаран тууралуу маалымат Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Издөөдө жүргөн адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мекенине экстрадициялоо маселеси чечилүүдө”.

ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх