Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Күн тартибинде электрондук соода жана бажы кызматташтыгы маселелери талкууланат

20-июндан 21-июнга чейин Минск шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жеке жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет бар.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоочу куралдар менен маркировкалоону киргизүү, артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарда кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразиялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.

Белгилей кетсек,  Минск шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны 21-июнда да өтөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх