А.Акаев 2005-жылдагы Кыргызстандагы төңкөрүштүн артында АКШ турганына ишенет (видео)
Кыргызстандын экс-президенти Казакстанда студенттер менен сүйлөштү
Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Алматыга жеке иш сапары менен келди. Бул тууралуу Orda.kz билдирди.
АлмаУ университетинде өткөн жолугушууда мурдагы мамлекет башчы 2005-жылдагы революциянын алдында АКШ менен мамиленин начарлашы болгонун айтты. Ал кезде “Манас” аэропортуна Орусия менен Кытайдын аймагы көрүнгөн айрым учактардын жайгаштырылышына макул болгон эмес.
«Мен бул тууралуу ачык айтып жатам, анткени Американын элчиси Янг ачык эле, өзгөчө Грузия менен Украинадагы ыңкылаптардан кийин, төңкөрүштөрдү ачык эле уюштурган. Суроо, балким мен кетип жатып жаңылып калгандырмын. Көптөр бул жерде калыш керек эле дешет. Бирок кан төгүү даярдалып жатканы тууралуу маалыматты билгендиктен, кан төгүү менен өзүмдүн атымды байланыштырбайм деп чечтим. Мен өлкөдөн кетүүнү чечтим жана өкүнбөйм», - деди Акаев.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз