Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте шаардыктар үчүн дагы бир спорт аянтчасы пайда болду

Ачылыш аземге шаардын вице-мэри Жаныбек Абиров, Виктория Мозгачева жана башкалар катышты

Бишкектин Айни көчөсүндөгү үйдүн короосунда балдардын спорттук жана оюн аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты.

Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу балдар аянтчасынын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчанын тартиби, жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.

Көп функционалдуу аймактын ачылышы майрамдык программа менен коштолду.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх