Равшан Жээнбеков: Камчыбек Ташиев менин кайрылуума жооп бербесе, мен сотко кайрылам
Президенттикке экс-талапкер УКМК ага басым жасап, «жалган» иш козгоого аракет кылып жатат деп ишенет
Президенттикке мурдагы талапкер Равшан Жеенбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кысым көрсөтүүнү токтотуу өтүнүчү менен арыз жазды.
Анын айтымында, УКМК саясатчыга кылмыш ишин козгоону көздөп, ага кысым көрсөтүүдө. Буга чейин Жээнбеков саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча жалган маалымат таратканы үчүн УКМКдан эскертүү алган.
Ал арада Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Жээнбеков УКМК анын кайрылуусуна мыйзам чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи. Анын үстүнө, эгер арызы каралбай калса, сотко кайрылуу ниети бар экенин билдирди.
- Административдик кодекске ылайык, УКМК кайрылууга жооп берүүгө милдеттүү, болбосо мага кандай негизде иш козгой тургандыктарын түшүндүрүп бериши керек, - деди Жээнбеков. - Эгерде мени дагы эле жоопко тарткылары келет дешсе, мыйзамдуу чара колдоном, же Башкы прокуратурага же сотко кайрылам. Алар мени жалган маалымат таратып жатат деп айтып, бирок чоо-жайын ачыкташкан жок.
Эске салсак, 2022-жылдын 10-июнунда саясат таануучу Марат Казакпаев комадан чыкпай каза болгон. Саясат таануучу УКМКнын СИЗОсунда мамлекетке чыккынчылык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү күтүп жаткан учурда инсульттан улам шаардык ооруканада каза болгон.
Бир күн мурун УКМКнын СИЗОсунун дубалында болгон ар бир адам өлүмү үчүн моралдык жоопкерчиликти сезе турганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирген.
Ошол эле учурда мындай учурлар ар дайым болуп келгенин, келечекте болбойт деп эч ким кепилдик бере албастыгын баса белгиледи. Мындан тышкары Ташиев аны УКМКнын жетекчилигинен убактылуу четтетүү мүмкүн эмес экенин билдирди.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www