Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Максим Аммосовдун Якутиянын түзүлүшүндөгү жана Кыргызстандын өнүгүшүндөгү маанилүү ролуна өзгөчө көңүл бурулду

Кыргызстандын Саха (Якутия) Республикасынын Верхневилюйский районундагы статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Якут Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында «Ысыах Олонхо» улуттук майрамынын ачылыш аземине катышты.

Бул майрам 2005-жылы ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын оозеки жана материалдык эмес мурастарынын шедеври катары таанылган якуттардын “Олонхо” баатырдык эпосуна арналган. Майрамдын жүрүшүндө «Олонхо жеринде ЮНЕСКО шедеврлери менен жолугушуу» Эл аралык фестивалы болуп өттү, анын катышуучулары Азербайжан, Армения, Кыргызстан, Монголия, Бурятия, Калмыкия, Тува, Якутия жана Алтайдан келген коноктор болушту.

Ачылыш аземи Сүйүнбек Касмамбетов менен Айсен Николаевдин жолугушуусу менен коштолду.

Тараптар Кыргызстан менен Саха Республикасынын ЕАЭБ алкагында да, эки тараптуу форматта дагы экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле маданият, туризм, билим берүү тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алышты. Кыргызстандан барган мигранттардын абалын жакшыртуу.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Максим Аммосовдун Якутиянын жана Кыргызстандын өнүгүшүндөгү маанилүү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйүнбек Касмамбетов Айсен Николаевди мааракелик иш-чаралар, алардын ийгиликтүү уюштурулушу менен куттуктап, актуалдуу маселелерди жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана Саха Республикасынын башчысын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча кыргыз-якут мамилелеринин чыңдалышына жана кеңейишине ишенимин билдиришти.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх