Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сурейя Эраны кабыл алды
Төрага уюмдун аталышы жана логотиби өзгөртүлө турганын белгиледи
Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мехмет Сурейя Эраны кабыл алды.
Тараптар Кеңешти жана ТүркПАнын XI пленардык жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Мамытов ТүркПАнын XI пленардык жыйынынын күн тартибинде уюмдун атын өзгөртүү жана анын жаңы логотибин бекитүү сыяктуу маанилүү маселелер бар экенин белгиледи. Сүйлөшүү учурунда спикер түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана ТүркПАнын алкагында парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү жаатындагы маселелерди да белгиледи.
Мехмет Сурея Эра өз кезегинде Чолпон-Атада боло турган ТүркПА иш-чараларына даярдыктар, уюмдун ишмердүүлүгү жана анын төрт комиссиясынын иши тууралуу айтып берди. ТүркПАнын Башкы катчысы Жогорку Кеңештин Төрагасына меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, ТүркПАнын XI пленардык жыйыны 24-июнда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул иш-чаранын алкагында спикер Талант Мамытовдун парламенттик делегация башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
ЖК басма сөз кызматы
Сүрөт www