Сапар Исаков: Менде ресторан, медклиника, базар деген жок. Мен бир сом уурдаган жокмун
Экс-премьер-министр белгилегендей, Акылбек Жапаровдун мүлктөрү тууралуу бүт өлкө билет
Экс-премьер-министр Сапар Исаков депутат Шайлообек Атазовдун Москвада ресторан куруу боюнча билдирүүсүн Facebook социалдык тармагында четке какты.
«Урматтуу мекендештерим!
Жогорку Кеңеште матраимовдорго жана башка ууруларга мыйзамсыз тапкан акчаларын жана турак-жайларын легалдаштырууга мүмкүнчүлүк түзө турган шерменде мыйзам долбоору талкууланууда. Муну менен бирге парламентте Матраимовдун көздөй кишисинин шыкактоосу менен менин Москвада кайсы бир ресторанды куруп жатканым туурасындагы ушак кепти кошо талкуулай башташты. Премьер Акылбек Жапаров болсо мага карата чыккан соттук чечимдерди эске салууда, кыязы, мени да кандайдыр бир мүлктү мыйзамдаштырып алат деп абдан кабатыр болуп жатса керек. Мен А. Жапаровдун көңүлүн тынчытып коеюн: мага силердин мыйзамыңарды колдонуунун кажети жок, анткени менде рестораным, медициналык клиникаларым же базарларым эч качан болгон эмес, андай мүлкүм дегеле жок. Колуңардан келсе менин бизнесимди таап, элге көрсөткүлө! Андай колуңардан келбейт, анткени андай бизнесим жок, бир сом уурдаган да эмесмин.», - деп ишендирди.
Сапар Исаков белгилегендей, өз учурунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков экс-премьер-министрдин бизнесин табууга көп аракеттерди жасаган.
«Андан кийин УКМКнын кызматкерлери чет өлкөдөн да издеп, ар кайсы мамлекеттерге суроо-талаптарды жөнөтүшкөн, бирок эч нерсе таба алышкан эмес! Бирок, Акылбек Жапаровдун эмнеси бар, кандай мейманканалары, үйлөрү ж.б., бүт өлкө билет. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кантип жеке мейманканага ээлик кыла алат?
Мага калыс соттолбойт, жакында эле УКМКнын СИЗОсунда каза болгондордон кийин менин азырынча сотко келе албасымды баары түшүнүп калды окшойт. Бирок мен биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып турам. Анан эл да карап турат. Убакыт келет, чыныгы уурулар мыйзам чегинде жооп беришет”, - деп жыйынтыктады Исаков.
Эске сала кетсек, Шайлообек Атазов кечээ парламенттин жыйынында капиталга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Сапар Исаков Москвада ресторан куруп жатканын билдирген. Акылбек Жапаров депутатка соттун чечими болгондон кийин укук коргоо кызматкерлери мурдагы премьер-министрге чейин жетет деп жооп берди.
Сүрөт www