Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кореяда кыргыздын улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсү өттү (фото)

Конокторду өзгөчө колго жасалган кийимдер кызыктырды

25-июнда Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилиги тарабынан ата мекендик BAIRA мода үйүнүн улуттук кыргыз кийимдеринин мода көргөзмөсү уюштурулду.


KOTFA (Korea World Travel Fair) Сеулдагы 37-эл аралык туристтик көргөзмөнүн алкагында иш-чаранын конокторуна жана катышуучуларына корей жана кыргыз улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсү тартууланды.

Аялдардын улуттук кийимдеринин – этникалык белдемчи жана чапандардан баштап заманбап кийимдерге чейин көргөзмөсү кыргыз жана корей элдик күүлөрүнө жана корей коомчулугунун кызуу кол чабууларына ээ болду. Конокторду өзгөчө колго жасалган заманбап кыргыздын улуттук кийимдери кызыктырды. Ошону менен бирге конокторго Кыргызстан тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Иш-чара Азиядагы эң ири соода-көргөзмө борборлорунун биринде COEX имаратында дүйнөнүн 70 өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулуп, 800гө жакын павильондор ачылды.


КРнын Кореядагы элчилиги
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх