Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Россиянын алтынын импорттоого тыюу салуу Кыргызстандын баалуу металлынын баасына таасир этпейт

“Дүйнө жүзүндө Кыргызстан сыяктуу алтыны бар мамлекеттер көп”

Жакынкы келечекте жетинин төрт өлкөсү: Улуу Британия, АКШ, Жапония жана Канада россиялык алтын импортунан баш тартууну жарыялоону пландаштырууда. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Кыргызстандык экономист, экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде кыргыз алтынынын баасы туруктуу болот деген оюн билдирди.

«Орусиялык алтынды ташып келүүгө тыюу салуу Кыргызстандын баалуу металлынын баасына таасир этпейт», - дейт эксперт. — Албетте, кийинки санкциялык кадамдын кесепеттери тууралуу божомол гана айта алабыз. Бирок биз көрүп жатабыз, азырынча санкциялар Беларустан башка Орусия менен мамилесин сактап турган өлкөлөргө тиешелүү эмес. Саясатчыларыбыз, туристтерибиз чет өлкөлөргө ээн-эркин чыгып, дүйнөлүк базарларда товарлар сатылып, батыштын бренддери менен соода кылууну улантып жатабыз. Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын да ошондой, Лондон биржасына берилүүсү уланууда. Алтындын таңкыстыгы жана баасынын өсүшү дагы болбойт, дүйнөдө Кыргызстан сыяктуу алтынды көп алган өлкөлөр бар.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх