Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ТИМинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты

Бир күн мурун КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.


 
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алышты.


 
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азиядагы аймактык кызматташтык маселелери да талкууланды. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын эки тарапты кызыктырган кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча мамлекеттер аралык диалогду бекемдөөдөгү маанисин белгилеп, аймактык диалогду жогорку деңгээлде колдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
 
КРнын ТИМ маалымат департаменти
фото КРнын ТИМ департаменти

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх