Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жеенбеков Камчыбек Ташиевге: Бийлик ресурсусуз эч ким эмессин

Next телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин камактагы мөөнөтү 3-августка чейин узартылды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Буга байланыштуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, күч ресурстары жок эч ким эмес экенин билдирди.

«Таалай беш айдан бери камакта жатат, анткени Камчы мени башка саясатчылардай сындыра албайт.

Камчы, сен УКМКны, өз бийлигиңди жеке кызыкчылык үчүн колдонгонуң үчүн гана кыйынсын. Менин бир гана сөзүм, саясий позициям бар. Башка эчнерсе. Күч ресурстары жана УКМКнын ресурстары болбосо, силер эч ким эмессиңер! Мен муну жакшы билем», — деп жазган саясатчы Фейсбук баракчасына.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх