Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эмне жөнүндө сүйлөштү?

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы жакшы коңшулаштыкты жана бир туугандыкты чыңдоого ниеттенишет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин бир катар маселелери талкууланып, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, өлкө башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыдагы консультативдик жолугушуусунун темаларына токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы жакшы коңшулаштыкты жана бир туугандыкты чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууга макулдашышты.

Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх