Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алгандардын арасында жеке менчик мектептердин бүтүрүүчүлөрү дээрлик жок

Бирок, эксперттин айтымында, бул жеке окуу жайлары начар билим берет дегенди билдирбейт

КР Билим берүү жана илим министрлиги өз сайтында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. Быйыл 57 окуучу алтын сертификат алат.

Белгилей кетсек, алтын сертификат ээлеринин басымдуу бөлүгү мамлекеттик мектептер менен гимназиялардын өкүлдөрү. Бул кеңири жарнамаланган престиждүү жеке менчик мектептердин тизмесинде окуучулар дээрлик жок, тагыраак айтканда, саналуу гана.

Vesti.kgнин редакциясы комментарий алуу үчүн профессор Александр Кацевге кайрылды.

«Тизмедеги окуучулардын көбү мамлекеттик мектептердин өкүлдөрү экендиги жеке окуу жайлардын билими начар экенин билдирбейт», - деп ишенет Александр Самуилович. - Кантсе да билим мугалимдерден көз каранды, бизде педагогикалык университеттер жок. И.Арабаев өзүнүн тактасынан педагогика деген сөздү алып салды. Мындан тышкары, жогорку окуу жайларына кирүү үчүн сертификаттар керек. Алар канча жана кайсы ЖОЖдорго тапшырат – убакыт көрсөтөт. Дагы бир жагдай: биздин акылдуу жигиттерди башка мамлекеттердин университеттери алып кетишет, алар менен эч ким өз мекенине окуудан кийин кайтаруу боюнча келишимге кол койбойт. Бир гана Орусия жыл сайын 300гө чейин кыргызстандыкты окууга чакырат. Бул жерде эмне жөнүндө ойлонуш керек. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары филолог болуп, бири-биринин катасын оңдоп жатышат.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх