Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бишкек Башкыархитектура" ишканасынын экс-жетекчиси борбор калаада башаламан курулушка жол бергени үчүн кармалды

УКМКнын маалыматы боюнча, ал көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды курууга мыйзамсыз уруксат берген, ошондой эле жерди басып алууга салым кошкон

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан белгиленген нормаларды бузуу менен уруксаат берүүдөгү «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп турганда, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, жеке кызыкчылыгын көздөп, долбоорлоого жана курууга  мыйзамсыз уруксаат берүүнү көздөгөндүгү аныкталган.

Ошентип, мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында «А.К.К. курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып, Бишкек шаарында коопсуздук эрежелерин сактабастан, архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен башаламан курулуштар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш компаниялары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактысы бар.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесинин экс-жетекчиси «А.К.К.» кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыларга кызмат адамдарынын жана башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх