Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Көлдө белгисиз адам майып адамды катуу сабап, ооруканада каза болду

Милиция шектүүнү издеп жатат

Кара-Көл шаарында белгисиз адам жергиликтүү тургунга кол салып, катуу сабап салган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

- 26-июндан 27-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын ооруканасына 2-топтогу майып 34 жаштагы жергиликтүү тургун түшкөнүн милициядан билдиришти. - Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жыгылып кеткен. Эртеси эсине келбей каза болгон. Бул боюнча Каракөл РИИБи тарабынан алдын ала текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө ал жыгылбай, белгисиз жаран тарабынан сабалганы белгилүү болду. Бул факты боюнча “ден соолукка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх