Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көңүл бургула! Бишкектин Скрябин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Кытайдан келген гранттык каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жаткан оңдоодо реконструкцияга түшкөн тосмолор жана чарбалык курулуштар да бузулат

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмду  өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 4-июлдан тарта Скрябин көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Караганда көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин негизинде  реконструкцияланып жаткан тилкелерге туш келген тосмолор жана чарбалык курулуштар бузулууда.

Унаалардын өтүүсү үчүн альтернативалык жолдор Медеров жана Жантөшев көчөлөрү болот.

Ишти ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.

Бишкек мэриясы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх