Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушту

Жолугушууда тараптар кызматташуу долбоорлорун кеңейтүү, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү жана каржылоо механизмдерин карашты

ЕАЭБтин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин 4-жыйынынын жыйынтыгында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Жолугушууда Данияр Амангелдиевди «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы, «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов жана РКДФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков коштоп жүрүштү.



Жолугушууда тараптар кызматташуу долбоорлорун кеңейтүү маселелерин, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана каржылоо механизмдерин карашты. Маектешкендер аймактагы металлургия, машина куруу, энергетикалык объектилер тармагындагы кооперация долбоорлорун ишке ашырууга жана микроэлектроника тармагында кластердик өндүрүштөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт Экономика министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх