Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Курманкул Зулушев менен Улан Ниязбековду аймактарга чыгууну тапшырды

Мындай чечим президент соттордун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иши боюнча элден кабар алуу

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбековго аймактарга чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди

«Президент өлкөбүздүн аймактарына барганда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда бир катар көйгөйлөр көтөрүлөт. Алардын басымдуу бөлүгүн соттун чечимдерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттануулар түзөт. Ошондуктан мамлекет башчы Башкы прокурор менен Ички иштер министрин жер-жерлерге барып, бул маселелер боюнча өз оозунан маалымат алууну тапшырды», - деди ал.

Султанбаев алгач Башкы прокурор менен Ички иштер министрлигинин башчысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына барарын билдирди. Андан соң Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына барышат.

«Жогорудагы органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолор боюнча жарандар ошол жердеги белгиленген жетекчилерге кайрылса болот. Мыйзамсыз аракеттерге кабылган адамдардын жакындары да жолугушууларга келип, көйгөйлөрүнүн маңызын жеринде айта алышат», - деди президенттин басма сөз катчысы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх