Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын төрагасынын орун басарынын отставкасы: президенттик аппарат комментарий берүүдөн баш тартты

Бекбосун Апсатаров эмненин негизинде ээлеген кызматынан бошотулганы азырынча белгисиз

Бир күн мурун Kaktus.media сайты өз булактарына таянып, УКМКнын төрагасынын орун басары Бекбосун Апсатаров ээлеген кызматынан бошотулганын жарыялаган.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн УКМКнын басма сөз борборуна кайрылып, аларда мындай маалымат жок экенин айтып, президенттик администрацияга кайрылууну сунушташты, анткени мындай кадрдык чечимдерди мекеменин жетекчиси кабыл алат.


Бирок президенттик аппараттын басма сөз кызматы да Апсатаровдун отставкасы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Мамлекеттик департаменттер УКМКнын кадрдык алмашуусу боюнча комментарий берүүдөн эмне себептен баш тартып жатканы белгисиз бойдон калууда.

Ал ортодо Vesti.kg сайтынын өздүк булактары Бекбосун Апсатаровдун ээлеген кызматынан бошотулганы тууралуу маалыматты тастыкташты. Себеби тактала элек.

Элдос Казыбеков
Фото vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх