Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандан чыгып кеттиби? Чек ара кызматы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Экс-президенттин басма сөз катчысы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду

Социалдык тармактарда Zobolo.kg сайтына шилтеме берип, экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандан чыгып кеткени жана кайра кайтып келбей жатканы тууралуу маалымат тараган.

Vesti.kg сайтынын редакциясы экс-өлкө башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен байланышууга аракет кылды, бирок ал комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.

Кошумчалай кетсек, Vesti.kg сайты УКМКнын Чек ара кызматына кайрылып, Жээнбековдун КР чек арасын кесип өткөн-өтпөгөнүн тактаган. ПСтин басма сөз кызматы адегенде мындай маселелер боюнча комментарий берүүгө укугу бар-жогун тактап берүүнү убадалады. Кийинчерээк алар Сооронбай Шариповичтин аэропорттон кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалыматты тактап берүүнү убада кылышкан, бирок аягында Чек ара кызматы чалууларга такыр жооп бербей калган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх