Жети-Өгүз районунда шамал мектептин чатырын учуруп кетти (фото)
Катуу шамалдан 1000 чарчы метрден ашык чатыр жарактан чыкты
Жети-Өгүз районунда кечээ түнү шамал Иманов атындагы мектептин чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын айтымында, бөлүмдүн кызматкерлери дароо окуя болгон жерден чыгып кетишкен. Аба ырайынын кесепетинен миң чарчы метрден ашык чатыр жарактан чыкканы белгилүү болду.
«Бүгүн келтирилген зыяндар эсептелип, оңдоо иштери башталат», - деп жыйынтыктады ӨКМ.
Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз