Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто 14 жаштагы кыз бүтө элек көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип кетти

Өспүрүм алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон

Токмокто 14 жаштагы кыз курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип өз жанын кыйды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

- Арыз 3-июлда келип түшкөн, тергөө-ыкчам тобу дароо ошол жерге жөнөп кетти, - деп белгилешти башкармалыктан. - Б.А.нын жансыз денеси ошол жерден табылган. 2008-жылы туулган. Кыз алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факт КЖБРде катталган. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх