Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Аспековго жазаны жеңилдетти

Чечим эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кабыл алынды

Бишкек шаардык соту активист Мелис Аспековго карата өкүмдү жеңилдетүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кабыл алынганы такталган.

- Аспеков КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот ага жазаны белгилеген эмес, - деп тактады басма сөз кызматы. Ал алты жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты активист Мелис Аспеков менен ишкер Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп шектелип жатканын жазган. Буга чейин Аспеков УКМКнын СИЗОсуна камалып, андан соң Бишкектеги 1-СИЗОго которулган.

Алгач аны жети жылга эркинен ажыратуу менен коркутушкан.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх