Кыргызстандыктар U-20 арасындагы күрөш боюнча чемпионатта эки күмүш медалга ээ болушту
Турнир Бахрейнде өтүп жатат
Грек-рим күрөшү боюнча U-20 чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар эки күмүш медаль тагынышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Күрөш федерациясынан билдиришти.
Чемпионат Бахрейнде өтөт. 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан спортчуларыбыз Раззак Бейшекеев менен Курманбек Жапаров финалда Ирандан келген балбандарга утулуп калышты.
Азия чемпионатынын алкагында беттештер бүгүн да уланарын федерация тактады.
Буга чейин кыргызстандыктар 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында медалдарга ээ болушкан.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз