Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Манас Самидинов «Манас» аэропортун жетектеген

Самидиновду шайлоо чечими «МАМ» ААКтын директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынды

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп Манас Самидинов шайланды. Бул тууралуу аэропорттун сайтында айтылат.

Бир күн мурун «МАМ» ААКнын директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, анда мурдагы башкы директор Бакыт Шаршеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев Самидиновду жамаатка тааныштырды.

Буга чейин Манас Самидинов «Манас» аэропортунун туунду компаниясы – «Манас Менеджмент» кызматында иштеген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх