Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте этнокарнавал өттү

Иш-чара 12-июлга чейин уланат

Бишкекте Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына арналган иш-чаралардын алкагында “Ысык-Көл досторду чогултат” эл аралык этно-карнавалы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жүрүшкө Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 500дөн ашык балдар жана өкүлдөр катышты.

Катышуучулар «Ала-Тоо» кинотеатрынан баштап, колонна Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин барып, Жеңиш аянтында аяктады. Анда катышуучулар Өчпөс отко гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылышты.

Андан ары программага ылайык, иш-чара «Ала-Тоо» ресторанынын амфитеатрында өтүп, андан соң карнавал Ысык-Көлдө уланат.

Карнавалдын уюштуруучулары борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги жана республикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору.

Белгилей кетсек, эл аралык этно-карнавал 12-июлга чейин өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх